Гүлназ Чыныбек кызы: “Клип тартып жатканда Ерке Есмахан ырыңды жок кыл деп коркуткан”

Поделиться

“Бишкек, Чүйдө жок, жок. Ош, Баткенде жок, жок” деген “кыргыздын Есмаханы” Гүлназ Чыныбек кызы биздин маек төрүбүздө. Бул ыры чыккандан кийин элдин баары “Издегениңди таптыңбы?” деп сурай беришкенинен ал ырына жооп кылып, “Мына” деген ыр жаздырып, клип да тартып салды. Бирок ырчы жашоосунда сүйүктүүсүнө жолуга элек. Апасынын “качан турмушка чыгасың?” деген суроосу кулагынын кужурун алып жаткан кези.

— Гүлназ, сени биз казак ырчысы Ерке Есмахандын “Кайда?” деген ырын кыргызчага которуп ырдап чыккандан бери тааныйбыз. Ырчылык өнөрүң Казакстанда башталган деп уккам, ушундайбы?

— Негизи кесибим боюнча журналистмин. ОшМУну аяктагандан кийин телеканалдарда 1-2 жыл иштедим. Айлыктын аздыгынан 2014-жылы Казакстандын Байкоңур шаарында иштеген эжемдин жанына барып соода кыла баштадым. Базарда кийимдерди жайып жатып, жыйнап жатып кулагыма наушник салып алып ырдай берчүмүн. Бир жолу жанымда соода кылган бала “Айбек Куатбаев деген ырчы дуэт ырдаганга кыз издеп жатат, сен жакшы ырдайсың, барып көр” деп калды. Айбек Байкоңурга таанымал ырчы болчу. “Казакча араң сүйлөп жатсам, кантип ырдамак элем?” дедим. Болбой эле кошуна тиги ырчыга менин телефон номеримди жазып коюптур. Айбек дароо мага бир ырды жиберди. “менин эмнем кетип жатат, ырдап көрө берейинчи” деп студияга бардым. Эки жолу ырдап үнүбүздү жаздык ошону менен бүттү дешти. 2-3 күндөн кийин ырды жиберди. Укканда сүйүнгөнүмдөн көз жашым куюлуп кетти. Айбек экөөбүз дагы дуэт жаздырдык. Ошентип ырчы болуп кеттим. Күндүзү соода кылам, кечкисин тойлорго чыгам.

— “Кайда?” деген ырды качан жаздырдың?

— Есмахандын ыры чыкканда эле баягы кошуна бала “уксаң, сонун ыр чыгыптыр” деп калды. Ырдын минусовкасын таап, өз үнүм менен казакча жаздыргандан кийин “кыргызча которсом кандай болот?” деген ой келди. Еркенин Инстаграмдагы номерине чалсам менеджери алды. “Мен Байкоңурда иштеген кыргыз кызымын, “Кайда?” деген ырыңарды кыргызча которуп ырдайын дегем” десем, макул болушуп ырдын автору студент Диана Исмаилованын номерин беришти. Диана бул ырдын текстин да, обонун да 9-классында эле жазыптыр. Бирок ырдын текстин башка акын иштеп чыккан экен. Диана “макул, ырдаңыз, бирок Есмахан төлөгөн акчанын жарымын бериңиз” деди. 25 миң сомго сатып алдым, бирок ортобузда кагаз жүзүндө эч кандай документ жок. “Кимге аранжировка жасатайын?” десем, Диана Есмаханга аранжировка жасап берген адамдын номерин берди. Көп өтпөй Чымкентте аранжировка жасаттым. Ыр бир айдан кийин даяр болду. Ушунча акча кротуп баштагандан кийин артка жол жок болучу. Кыскасы, бул ыр өтө кыйынчылык менен жаралды.

— Клипти Кыргызстандан тарттыңбы?

— Ооба, клип тартам деп Кыргызстанга келдим. Тааныштар аркылуу аты таанымал бир продюсерге “жардам бериңиз” деп барсам, “бирөонүн ыры менен чыкпа. Эл которуп алыптыр деп сени тебелеп кетет” деди. Ошону менен ырга клип тарткым келбей, бозоргон боюнча кайра Байкоңурга кеттим. Бирок аудиосун Super.kg порталына жүктөп койдум. Бир айдан кийин карасам угармандар ыр тууралуу “Гүлзада Рыскулова ырдаган окшойт. Каныкейдин үнү го” деген жакшы комментарийлерди жазышыптыр. Ар кайсы интернет каналдар башка эле ырчы кыздардын сүрөтү менен ырымды да жүктөп салышыптыр. Булардын баары мага кадимкидей шык берди да, клип тартайын деп чечтим. Тартуу иштери ортолоп калганда Ерке Есмахан телефон чалып “токтот, ырларыңды бардык жерден алдырып, жок кыл. Болбосо сотко беребиз, чоң акчага сындырабыз” деп коркутту. Инстаграмга съёмканын 1-күнү, 2-күнү” деп илгем, ошону “илбей койсом болмок экен” деп өзүмдү уруша баштадым. Ал мага башында ырдай бер дегенде ыр мынчалык элге алынып кетет деп ойлобосо керек. Казактар “ыр кыргыздардыкы экен. Есмахан которуп ырдаптыр. Кыргыз кыз жакшы ырдаптыр” деген сыяктуу пикирлерди да айтышыптыр. Биздин маалымдоо каражаттары, казак телеканалдары да бул темага кайрылып жатышты. Казакстандагы бир телеканал, ырдын автору Диананын өзүнөн интервью алгандан кийин гана Ерке мага эч нерсе дебей калды.

— “Мына” деген ырыңды биринчи чыгармаңдын уландысы деп түшүндүк…

— Ооба, уландысы. Кайда барбайын “эмне болдуң, анан таптыңбы?” деп сурай беришчү. Ошондон улам “бул ырдын уландысын жазыш керек экен” деп ойлодум.

— Эки ырың тең плагиат, эл чын эле тебелеп кеткен жокпу?

— Мени сындагандар да, алга сүрөгөндөр да болду. Ар бир угарманга жагыш кыйын деп ойлойм.

— Кичинекей Гүлназдын таман издери кайда калган, кайсы жердин кызысың?

— Мен Өзгөн районундагы Мырзаке айылында төрөлүп, ошол айылда чоңойгом. 5 кыз, 1 уулбуз. Атам азыркыга чейин мектептин директору, апам дагы мугалим. Кичинекей кезимде түшкө чейин мектепте окусам, түштөн кийин музыкалык мектептен сабак алчумун. Бирок ал мектепти бүтө албай калдым. Анткени мектептен келгенден кийин уй кайтарышым керек эле. Менин биринчи көрөрмандарым уйлар болду. 3-4 уйубуздун алдына чуркап чыгып “назарыңыздарда Гүлназ ырдайт” деп, үстөл алып келип, отуруп алып комуз чертип, уйларга ырдап берчүмүн.

— Жеке жашооңо кайрылалы, жигитиң барбы?

— Инстаграмдагы баракчамда продюсерим Азаматтын телефону жазылган. Ага чалып “сен жолдошу болосуңбу?” деп сурашат экен. Менин азырынча жолдошум да, жигитим да жок. Апам “чыгармачылыгың гүлдөй берсин, бирок бизге өзүңө окшогон жаркылдаган жолдошуң менен үйгө ээрчишип киргениң жакшы эмеспи” деп кулагымдын кужурун алат.

Булак: Супер Инфо 

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *