Кыргызстандык спортчулар жайкы Азия оюндарынын расмий ачылуу аземине катышышты

Поделиться

Индонезияда 18-августта жайкы Азия оюндары расмий ачылды.  Ачылуу аземинде Кыргызстандын желегин волейболчу Оңолбек Каныбек уулу көтөрүп чыкты.

Баш калаа Жакартадагы Олимпиада шаарчасында башка мамлекеттердин катарында Кыргызстандын желеги да 17-августта көтөрүлдү. Аземге Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти Ырысбек Мааткабылов баштаган Кыргызстандын делегациясы катышты.

Жайкы Азия оюндарына Кыргызстандан 150 спортчу катышат 7-августта президент Сооронбай Жээнбеков алар менен жолугуп, улуттук курама команданын капитаны, балбан Каныбек Жолчубековго өлкөнүн желегин тапшырды.

Спортчулардын машыгууларына, тамак-ашына, дары-дармегине, мелдеш өтчү шаарларга барууга мамлекеттен 20 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

XVIII Азия оюндарынын программасында спорттун 40 түрү бар. Кыргыз спортчулары 28 спорттун түрү боюнча күчтөрүн сынайт.

Таймаштар 2-сентябрда бүтөт

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *