Үйүнөн сүннөткө отургузулган 2 жашар бала комага түшүп калган

Поделиться

Орусиянын Жаңы Москва аймагында үйүнөн сүннөткө отургузулган 2 жашар бала комага түшүп калган.

Бул тууралуу “Вести. RU”  билдирет.

Аталаган окуя Десеновский аймагында болгон. Маалыматка ылайык, наристенин ата-энеси хирургиялык операцияны жасоо үчүн 54 жаштагы тажик жаранын үйүнө чакыртышкан, ал мекенинде педиатр болгону айтылат.  Бирок жасалган анестезиядан соң, кичинекей бала титиреп, дем ала албай, эс-учун жоготкон.  Дароо ооруканага жеткирилген наристенин абалы азыр жакшы.

Тажик доктуруна  “мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүктү жүргүзгөндүгү үчүн”  кылмыш иши козголду.

“Азыркы учурда жосундун кылмыштуулугуна түрткү болгон жагдайларды аныктоого үчүн атайын иликтөө иштери жүрүүдө”,-деп айтылат мааалыматта.

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *