Журналист Уланбек Эгизбаев каза болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйланды

Поделиться

Президент Соронбай Жээнбеков  Азаттыктын атайын журналисти  Уланбек Эгихбаевди „Эрдик“ медалы менен сыйлоо» жөнүндө жарлыкка кол койду.

«Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө олуттуу колдоо көрсөткөндүгү, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө кошкон орчундуу салымы жана активдүү жарандык позициясы үчүн «Азаттык Медиа» мекемесинин журналисти Эгизбаев Уланбек Токтосунович (каза болгондон кийин) «Эрдик» медалы менен сыйланды»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн убакта күтүүсүз каза тапты. Милициянын маалыматына караганда, ал Кара-Ой айылындагы “Акун” пансионатында эс алып жүргөндө сууга чөгүп, аны көргөндөр жээкке чыгарышкан. Ал «Тез жардам» менен Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилип, дарыгерлер өмүрүн сактап кала алган эмес.

 

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *