Акылбек Жаманкулов: “Мен жашоодо маанисиз, жөн эле жашап өткөндөн корком”

Поделиться

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов Фабула гезитине саясаттан тышкары темада маек курду.

— Балалык жөнүндө сөз болгондо көз алдыңызга биринчи эмнени элестетесиз?

— Мен бала кезимди эстегенде эле биринчи ата-энемдин жаш кези көз алдыма тартылат. Менин өзүмдүн туулган жерим Кемин районуна караштуу Тар-Суу айылы. Бирок мен Балыкчы шаарында чоңоюп, ошол жерде мектепти бүтүргөм. Балалык кез албетте эң сонун көз ирмемдерди камтыган мезгил болуп саналат. Мен бала чагымдан эле ата-энемдин сөзүн угуп чоңойдум. Алардын сөзүнөн эч качан чыккан эмесмин. Балким жаштык кылып туура эмес сүйлөп койгон учурлар убагында болгон чыгар, бирок чоңойгон сайын ата-энеңдин кадырын билип, кемчилик кетирбөөгө аракет кылып калат экенсиң. Баарыбызды ушул жашка жеткирген ата-энебиз, ошондуктан эненин ак сүтүн, атанын ак эмгегин акташыбыз керек. Ата-энебизге каршы чыкчу эмеспиз, бизде тартип күчтүү болгон.

— Китеп көп окуйсузбу?

— Мурда абдан көп китеп окучумун, азыр убакыттын тардыгына байланыштуу китепке көңүл бура албай калдым. Көбүнчө саясий, геосаясат, бизнеске тиешелүү болгон китептерди көп окугам.

— Акындардын ырларынан мисал келтирүү керек болуп калса кайсы акындын саптарын эсиңизге кыйналбай түшүрөт элеңиз?

— Ойлонбостон Алыкул Осмоновдун ырлары оозума келсе керек, бул акыныбыздын ырларынын мааниси терең анан бат жаттаса болот. Жөнөкөй тил менен эле көп нерсени камтып жазган ырларын билбеген киши болбосо керек.

— Музыкасыз жашоого болобу? Ыр бийге жакынсызбы?

— Музыка адам баласынын жашоосунда өзгөчө орунду ээлейт. Музыкасыз жашаса болот деп ойлойм, бирок элестетүү кыйын. Өзүм ыр-бийге анча жакын эмесмин, бирок үнү жакшы адамдарга кызыгам. Аларга маани берип, суктанам.

— Кайсы жердин күйөө баласы болосуз?

— Аксынын күйөө баласы болом, бирок кайын журт көп жылдан бери Бишкек шаарында турат, Аксыга барып көргөн эмеспиз. Кайын журттан сый гана көрүп келе жатам. Күйөө баланы мал сойдуруп, отун жардырып сынайт деп айтышат го. Менин башымдан андай сыноолор өткөн жок. Барган сайын конок катары кабыл алып узатышат.

— Туура жолдон чыкпаш үчүн бирөөнүн кеңеши керекпи?

— Албетте, жол көрсөтүп турчу адамдар сөзсүз керек. Барга көптүрбөй, жокко чөктүрбөй акылын айтып турган адамга адам муктаж. Мага баа жеткиз кеңешин ата-энем берип турат, анан албетте саясат туурасында сырдашып, кеңешкен агаларым бар. Саясатка кадам таштаганы көп адамдардын кеңешин угуп, өз таразамдан өткөрүп келем.

— Эмнеден коркосуз?

— Негизи айтып коёт го, Кудайдан башка эч кимден коркпош керек деп, бирок негизи эле мен жашоодо маанисиз, жөн эле жашап өткөндөн корком.

— Сизде эмне жок, эмнеге муктажсыз?

— Менде буюрса бардыгы бар. Ушул бар нерселериме шүгүр кылып жашайм, жаратканга ыраазымын.

— Бизде билим берүү сапаты сизди канааттандырабы?

— Билимдин сапаты укмуш деп айта албайм, бирок жаман дагы эмес. Биздин жаштар, биздин эл салыштырмалуу көп нерсени билет. Бирок техникалык жана кесиптик билим берүүнү күчөтүшүбүз керек деп ойлойм. Бизде таланттуу жана шыктуу балдар көп, аларга сапаттуу билим жетишпей жатат.

— Сиз эмне же ким менен сыймыктанасыз? Эмнеден тартынып уяласыз?

— Кыргызстанда мен сыймыктанган адамдар көп, тиги же бул деп айта албайм, ар биринин өзүнүн орду бар. Мен бир адам менен эмес, ошол адамдарды жараткан кыргызстандыктар менен сыймыктанам. Уяла турган жагдай болсо, көп нерседен уялам, уялбай жашаш үчүн татыктуу жашаганга аракет кылып келем.

— Үй-бүлөңүз тууралуу айтып өтсөңүз?

— Мен 2013-жылы үйлөнгөм, учурда 2 балам бар, 1 уул, 1 кыз. Келинчегим моралдык жактан жардам берип, өзүнүн кеңешин айтып турат. Сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз, өзүмдү бактылуумун деп айта алам, шүгүр кылам.

Гүлмира ШАРШЕЕВА

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *