Азиада- 2018: Айсулуу Тыныбекова алтын медаль алышы мүмкүн

Поделиться

Индонезияда өткөн XVIII Азия оюндарынын эркин күрөш боюнча жеңүүчүсү, монголиялык спортчу  Орхон Пуревдорж  алтын медалынан айрылды. Бул тууралуу Азиядагы Олимпиадалык кеңештин расмий сайтында кабарланат.

Монгол кыз кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча 62 килограмм салмагында беттешип, финалда  Айсулуу Тыныбекованы 11:0 эсеби менен  жеңген.

Бирок монголиялык спортчунун анализдери, анан канында анаболдук стереоддик  — станозолол бар экендигин аныктаган. Жыйынтыгында, анан жетишкендиктери жокко чыгарылып, спортчу медалынан кол жууду.

Азия оюндарынын тартибине ылайык, алтын медель экинчи орунду алган, бул учурда Айсулуу Тыныбековага берилиши толук мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *