Филармонияны атайын өрттөшкөн эмес, кылмыш иши козголбойт

Поделиться

Улуттук филармонияда чыккан өрт кырсыгы боюнча кылмыш иши козголбойт.

Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда экспертиза жүрүп жатат. Алдын ала алынган маалыматка таянсак, атайын өрттөө болгон эмес.

Белгилей кетсек, 30-августта филармонияда өрт чыгып, 200 квадраттык метр жер күйүп кеткен, ага алты өрт өчүрүүчү унаа тартылган.

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *