Кашкар Жунушалиев эмес, анын орун басарлары жана МАИ башчысы жоопкерчиликке тартылууга тийиш…

Поделиться

3-сентябрь күнү Кыргызстанга расмий сапары аяктаган Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кыргыз жетекчилери менен коштошуп, Тамчы аэропортуна жөнөйт. Бирок аэропортто ал 1,5 саат учуп кете албай, Кырчын жайлоосунан кайтып келе турган жубайын күтүп, жол карап олтуруп калат. Көрсө Кырчындан кайтып келаткан кыргыз президенти менен түрк президентинин жубайларынын унаалары тыгынга кептелип, жайлоодон трассага чыга албай эки саатай олтуруп калышыптыр.

Көргөндөрдүн айтымында тыгындын узундугу 20 чакырымга жеткен. Оюндарды көргөнү жекеменчик унаалары менен келаткан Бишкектин, көлдүн түштүгү менен түндүгүнүн айылдарынанагылган көрөрмандардын баары трассаданКырчынга кеткен тар жолго тыгылып, жайлоонукөздөй агылышкан. Ал эми Кырчындан трассагакетүүчүлөргө жол калбай калган. МАИчилердин, УКМКнын кызматкерлеринин рацияларыбайланыш жоктугунан иштебей, трассаданКырчынга кетчү жолдуу бууп салууга буйрукжетпей айлалары кетишкен. Ошентип эки өлкөнүн биринчи айымдары эки сааттай тыгында чыгаалбай күтүп олтурушкан.

Кырчында, Чолпон-Атада КР Ички иштерминистри Кашкар Жунушалиев, анын орун басарыАлмаз Орозалиев, МАИнин башчысы Канат Жумагазиевдер өздөрү жүргөнүнө карабай биринчиайымдарга коридор ачып бере алышкан эмес. Анынайынан Эрдоган Тамчы аэропортунда жубайын 1,5 саат күтүүгө аргасыз болгон.

Азыр президенттик аппарат бул боюнча ИИМдин, УКМКнын кызматкерлеринин жана биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун, Ички иштерминистри Кашкар Жунушалиевдинжоопкерчиликтерин кароодо. Алардын кызматтаналынышы да мүмкүн экендиги айтылууда.

Негизи эле Көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндөгү коопсуздукту камсыздоого милдеттеме алганИИМдин ашмалтайы чыкканы коомчулукка ачыкбилинип калды. Бул окуядан тышкары Англияданкелген туристтердин велосипеди уурдалганы дагы уу-дуу болгону талашсыз. Кыскасы мындайкемчиликтерге жол берген  ИИМ башчысы КашкарЖунушалиевди эмес, Көчмөндөр оюндарынакарата жоопкерчиликтүү болгон анын орун басарлары Алмаз Орозалиев, Мирлан Каниметовжана МАИ башчысы К. Жумагазиевдер тиешелүү түрдө жоопкерчиликке тартылышы кажет. Себеби, унаа тыгындарын болтурбоо жана тескөө боюнчаИИМ орун басары А. Орозалиев менен МАИ башчысы К. Жумагазиевге, ал эми жарандардынжана туристтердин коопсуздугун коргоо ИИМ орун басары М. Каниметовго жүктөлгөн. Андыктан Кашкар мырза өзүн уятка калтырган орун басарлары менен МАИ башчысына тезирээк чара көрбөсө, өз башына муш болуп тийгени калды…

Маалымат “Кыргызтудей” сайтынан алынып кошумчаланды…

 

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *