Көк-бөрү боюнча алгачкы дүйнөлүк чемпионат 2019-жылы Өзбекстанда өтөт

Поделиться

Көк-бөрү боюнча биринчи дүйнө чемпионаты 2019-жылы Өзбекстанда өтөт.

Бул чечим Кыргызстан көк бөрү федерациясы менен Өзбекстан спорт министрлигинин өкүлдөрүнүн 8-сентябрдагы жолугушуусу учурунда кабыл алынды.

Дүйнө чемпионаты кайсы шаарда жана кайсы күнү өтөрү так белгисиз, бирок чечим кабыл алынды. Мелдеш көк -бөрүнү тай казанга салуу тартиби менен өтөт”, – деди федерация президенти Жыргалбек Саматов.

Белгилей кетсек, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өзбек оюнчулары казак атаандаштарын 4:3 эсебинде утуп, бирок кыргыз улакчыларынан 32:9 эсебинде жеңилип калышкан.

2-сентябрда башталган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда 2- 8-сентябрь күндөрү болгон.  Ага 70тей өлкөдөн үч миңге жакын спортчу катышты. Алар спорттун бир канча улуттук түрлөрүнөн күч сынашты. Жалпысынан 594 медал ойнотулуп, анын 174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло болгон.

Жалпы байге фонду 28 миллион сомду түздү

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *