Турсунбек туризмди тургузабы?

Поделиться

Айтайын дегенибиз “Адилет” жаштар кыймылынын төрагасы Турсунбек Бейшенбеков гезиттердин бирине берген маегинде өлкөнүн өнүгүү булагы болгон туризм багытында кеп козгоп, омоктуу ойлорун ортого салыптыр. Аталган маегинде туризм багытын өнүктүрүүдөгү бир топ жаңы идеялары жана аны ишке ашыруу боюнча сунуштары заман талабына шайкеш келип туру. Мындан тышкары туризм багытын өнүктүрүүдө жаңы долбоорлорду иштеп чыгып, инвестиция тартуу жагына кызуу киришкени жатканы да кубандырат. Эгерде Турсунбек мырзанын дүбүртү катуу болуп, сунуштап жаткан долбоорлору ишке ашчу болсо, анда өлкө казынасына эбегейсиз жардамы тиери талашсыз. Андыктан Турсунбек мырзанын баштаган ишинин акыбети кайтып өз жемишин бере баштаса, анда эле Турсунбек мырза туризм багытын кыйла секиртип, жогору карай тургузду дей бергиле…

Булак: “Фабула”

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *