Дональд Трамп кыргыз акынынын ырын жактырды

Поделиться

«Твиттерден» кыргызтандык акын Муратбек Рысбековдун  чыгармаларынын бирине АКШ президенти Дональд Трамп «мыкты ыр» деген баасын калтырган.

Бул тууралуу “Азаттык” үналгысына Муратбек Рысбеков маалымдаган.

Ошондой эле ал Сингапурдагы дүйнөлүк басмаканалардын биринен китептери англис тилинде басылып жаткандыгы жана алгачкы нускасы колуна тийгендигин белгиледи.

Рысбековдун ырларын буга чейин акын, журналист Замир Өсөров орус, англис тилдерине которуп, социалдык тармактарга, сайттарга жарыялап келген

Мындан улам чет элдик басмаканалар автордун ыр жыйнагын басып чыгарууга кызыкдар экендигин билдиришкен. Учурда автор менен котормочу келишим түзгөн Сингапурдагы «Partridge Singapore» басмаканасынан акындын «Асманга умтулуу» аттуу ыр жыйнагы басылууда.

Акындын билдирүүсүндө, басмакана автор менен атайын келишим түзүп, англис тилинде чыккан китеби 100 өлкөгө таратыла турганын, нускасы окурмандардын талабына ылайык көбөйүшү мүмкүндүгүн билдирген.

Москвадагы “Радуга” басмаканасы да анын ырларын кийинки жылдын башында орус тилинде басып чыгаруу ниетин айткан.

.

 

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *