Алтынай Өмүрбекова Кыргызстанда канча мектеп жетишпейт айтып берди

Поделиться

Кыргызстанда 670 мектеп жетишпейт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Республика-Ата Журт» фракциясынын жыйынында депутат Пархат Тулендыбаевдин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Бүгүнкү күндө өлкөгө жалпысынан 670 мектеп керек. Азыркы тапта 200 мектепке муктаждыгыбыз бар. Бул жылы курулуш ишканасына 78 жаңы мектеп куруу үчүн долбоор тапшырылды», -деди Алтынай Өмүрбекова.

Айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген 2 миңден ашуун бала ден соолугуна байланыштуу мектепке барбайт.

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *