50дөн ашык “Азия Моллдун” жамааты ишембиликке чыгып, Чыңгыз Айтматов проспектисин тазалады

Поделиться

Жыл сайын ишембиликтер эл арасында колдоого алынып, популярдуулугу артып келүүдө. Бүгүн дагы, Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата, “Азия Молл” соода борборунун администрациясы ири масштабдагы жарандык акциянын бир бөлүгү катары, ишембиликке чыгып, шаарды тазалап, өз салымын кошушту.

Соода борбордун 50дөн ашык эмгек жамааты Чыңгыз Айтматов пропектисинде таштандынан тазалап, Максим Горький көчөсүнөн баштап, Ахунбаев көчөсүнө чейин тазалашты. Ошондой эле  “Азия Моллдун” тегерегин ирээтке келтиришти.

“Азия Моллдун” башкы директору Аят Баетов шаарды таза кармоо ар бир жарандын милдети экендигин кошумчалай кетти:

—              Биз, ар бир кыргызстандык жаран өз үлгүсү менен жакшы жышаан баштай алат экендигин көргөзгүбүз келди. Таштандыны урнага таштап, ишембиликке чыгып, өлкөбүздү тазалыктта кармоо баарыбыздын колубуздан келет. Ар бирибиз өз шаарыбыз жана өлкөбүздүн тазалыгы үчүн  салымыбызды кошо алабыз”,-деп белгилей кетти ал.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк тазалык күнү – бул ири масштабдагы акция, ал 150 өлкөдөн миллиондогон ыктыярчыларды камтыйт

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *