Депутат Бактыбек Райымкуловдун демилгеси менен курулуп жаткан спорт комплекси бүткөнү калды

Поделиться

Быйыл, аймактарды өнүктүрүү жылына карата Чүй облусунун, Панфилов районунун, Панфилов айылында жаңы спорттук комплекстин курулуш иштери аяктап, ачылганы турат. Депутат Бактыбек Райымкулов аталган курулуш иши менен таанышып кайтты.

Жаштарды сергек жашоого үндөө максатын алган демилгени эл өкүлү Бактыбек Райымкулов көтөрүп, курулуш иштерин өз көзөмөлүнө алган. 

Тагыраагы, бюджеттен акча бөлүүгө салымын кошуп, курулуш иштерин баштан аяк колдоп турган.

Эл өкүлү өз сөзүндө, жаштардын спортко болгон умтулуусун колдоо керек экендигин белгилеп, спорттук комплекс чоң ийгиликтерди жаратууну каалаган спортчуларга жакшы жардам болот деп ишенерин айткан. 

 

 

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *