Айгерим Расул кызы менен Нурзат Токтосунова тойдон уруша кетишкен. Окуянын чоо-жайы (видео)

Поделиться

Кече, 17-сентябрда ырчы жана аткаруучу Айгерим Расул кызы менен алып баруучу, журналист Нурзат Токтосунованын Оштогу ресторандардын биринде тойдон чашташып кеткен видеосу социалдык тармактарга тарап кеткен.

Видеону Айгерим Расул кызы өздүк баракчасына жүктөп, чыр эмнеден улам башталганын айтып берген.

Айгерим окуя 2 күн мурун, тойдо болгондугун жана Нурзат Токтосунованы эмнеге күнөөлөп жаткандыгын жана ага карата кол көтөргөнүнүн себебин жазган:

«Тойдун артында ушундай окуя болуп турат. Мен эч качан өзүм бирөөгө тийишпейм, бирок негедир мага өздөрү тийише берет. Көп учурда карманып теңелбейм, бирок чектен ашканда, унчукпай турууга мүмкүн эмес. Кээ бир адамдарды урматтасаң деле, сыйды билбегендер болот экен. Бул эки күн мурун тойдо болгон окуя. Бир тамада аял мени эки саат ырдаганга чыгарбай мен ага барып мени чыгарып коюңузчу антракта,  болбосо, жок дегенде ага чейин чыгарып коюңузчу деп жакшы айтып, бир топ жолу сурансам дагы тоготпой, той ээлери 3-4 жолу барып Айгеримди чыгар десе дагы, чыгарбай той ээлерин укпай, өз билемдик кылып таңгалдырды. Мени түнкү 11:45те чыгарды, той почти бүтүп калган.  Той ээлерин жакшы тааныгандыктан сыйлап күтүп отурдум. Ырдап бүтүп: «Эмнеге андай кылдыңыз? Той ээлери суранса дагы 2 сааттын ичинде чыгарган жоксуз десем?»

— Мен өзүм билем, кааласам чыгарам, каалабасам чыгарбайм, сен кимсиң»,- деп ажылдап келип күтүүсүз жерден биринчи кол көтөрдү).

«Кош бойлуу аял алсыз, мага жооп кайтаралбайт»- деп ойлодубу, айтор андан кийин өзү менден «МАЙЛУУ» жообун алды. Чачынан сүдүрөп эшикке алып чыгып бараттым эле, кишилер кармап калышты. Кош бойлуу аялга кол салган, дүйнөдөгү эң акыркы НАЧАР адам!!!

Мен жакындарыма айтып, аларды аралаштырган жокмун! Бул адамды сыйлачумун, сыртынан жакшы адам көрүнчү, кимден болсо дагы бул адамдан күткөн эмесмин, бирок чындыгында сырты жалтырак-ичи калтырак, мыйыгынан күлгөн, арам, меерез, ичи таар, бирөөнүн жакшылыгын көрө албаган адам деп ойлогон эмесмин. Бул ким десеңер —  Нурзат Токтосунова

Нурзат, сен кимге ишендиң? Чоңдордун тоюн алып барып жүрүп, өзүңдү башкача сезип алдыңбы? Же чала мугалим болуп жүрүп, баарын башкарган, кыйын адам болуп көрүнгүң келдиби? Бул текеберчилик, мурдуңду асманга чейин көтөргөнүң күлкүлүү көрүнүш. Эки күндөн бери бул окуяны уккан чыгармачыл инсандар мага чалып: «эң туура кылыптырсың, бул ырчыларды адам ордуна көрбөй калган, «Жар-Жар» талашып, тойлордон кызганып»,-, деп бир топ нааразычылыгын айтышты. Кош бойлуу аялга биринчи кол көтөрдүңбү , ошого дитин бардыбы, эми Кудай өз жазаңды берсин!!! Бул сага аз, өзүңдүн сыйыңды, ордуңду билбесең дагы көп жолу келтек жейсиң».

Нурзат Токтосунова өз  Instagram баракчасында болсо жоопбун кайтарып, эмнеге Айгерим Расул кызын жалганын сындаган.

Жооп бербесем болчудай эмес.
Бул окуя 15- сентябрь күнү болгон. Албетте биринчи айткан кишиге ишенич көбүрөөк, аны түшүнүп турам.
Айгерим Расул кызынын инстаграмдагы постун, ал постко кошуп жүктөгөн видео ‘эрдигин’ көрүп чыныгы окуядан кабары жоктор дуу түшүп эле ‘кош бойлуу аялга кол көтөргөн тура!’ болуп жатып калышты. Калп канчалык шумдуктуу болсо ага ошончо бат ишенишет деген ыкма бат иштеди, бул окуяда. Чынында атактуу Айгерим Ошто кайсы тойго барса биринчи ырдашы керек тура) (Анысын кайдан билейин) Менин Айгеримден биринчи келген, андан улуу АЙЖАМАЛ КАБЫЛОВАНЫ биринчи ырдатканым ал ырчыга жакпай калыптыр. Ырдап бүтүп келип эле коридордон беттен алды! Мени!!! СЕН КИМСИҢ МЕНИ АЙЖАМАЛДАН КИЙИН ЧЫГАРГЫДАЙ, АЙЖАМАЛ ЭЧ КИМ ЭМЕС деди!!! Ж.б аябай жаман сөздөрдү айтты. (Видеону үнү менен чыгарсын)(Эч качан күткөн эмесмин) (15 жыл шоу бизнесте жүрүп бирөө менен үн көтөрүп урушкан эмесмин аны баары билет)
— МЕН АНЫ КҮТТҮРГӨН ЭМЕСМИН. АЙЖАМАЛ КҮБӨ. АНТРАКТА ЫРДАЙМ ДЕП КЕЧ КЕЛГЕН. ТОЙ ДА 2 СААТ КЕЧ БАШТАЛГАН.
-АНДАН БИРИНЧИ КЕЛГЕН АЙЖАМАЛДЫ ЧЫГАРБА ДЕДИ. КЕЛИП ЭЛЕ МЕН ЧЫГАМ ДЕДИ.

Той ээси кимиси биринчи келсе ошону чыгар дешти. Ал эми адамга кол көтөргөнү боюнча… бул ырчынын маселе чечүүнү муштум көтөрүү деп билерин коомчулук буга чейин деле көрүп жүрбөдү беле… Ушундай ишти кылуу, анан аны мактанып интернетке бөлүшүү, акылы, маданияты, жөн гана адамдыгы бар адам айтпай турган сөздөрдү жазуу менин деңгээлим эмес. Баарына Кудай күбо. Көптөрдүн жүрөгүн оорутсам кечирим сурайм. Ата- энесин сыйлаганым үчүн унчуккан эмесмин. Ылайым мага кылган мамилесин кичүүдөн көрсүн.
Аман-эсен көз жарып алсын. Бала жытына зар болуңуз дептир. (Аны кайра редактировать этип өчүрүп салды)Кимге Кудай БАЛА берет, кимдикин алат ал Кудайдын өз иши, түбөлүгүбүз түз болсун! Комментарийсиз»,-деп жазган

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *