Владимир Путин Жээнбековдун чакыруусу менен Кыргызстанга келет

Поделиться

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 17-сентябрда журналисттерге билдирди

Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен келе турганы айтылды.

Учурда визиттин так датасы аныктала элек, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Сапардын алкагында эки тараптуу он документке кол коюлат.

Владимир Путин буга чейин Кыргызстанга расмий сапар менен 2017-жылы 28-февралда келген.

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *