Ырчы Зерени коркутуп жаткандар кимдер?

Поделиться

Ырчы жана активист Зере Асылбек кызынан «Кыз» аттуу ырына тартылган клипти Интернеттен өчүрүүнү талап кылып, коркутуп жатышат.

Ал 18-сентябрда bespredel_kg, ddjumabaev деп катталган колдонуучулардан келген билдирүүнү «Фейсбукка» жарыялады. Анда эгер Зере клипти өчүрбөсө, «өлтүрүп кетебиз» деген коркутуу жазылган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы ырчы жарыялаган билдирүү текшерилерин айтты.

Шаардык милициянын маалыматына ылайык, материалдар юридикалык баа берүү үчүн Бишкек ШИИБнин тергөө кызматына жөнөтүлөт.

 

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *