Азиз Чокморов, блогер: Сооронбай Шариповичке болгон урматым толукталып, ишеничим өстү

Поделиться

19-сентябрда УКМК төрагасы Идрис Кадыркулов  Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши токтотулгандыгын билдирди.

Бул жанылык социалдык тармактарда талкууга алынып, саясат өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер тарабынан ар кандай ойлор айтылды. Активист жана блогер Азиз Чокморов  бул боюнча өз позициясын facebook социалдык тармагында жазган.

15-октябрь. КР президентин шайлоо күнү. Баарыбыз бирдей жабыла жыйынтыкты күтүп, жаңы президенттибиз ким болот экен деп бирибиз телефонго үңүлүп,, башкаларыбыз экрандарды жабалактап турган кез. Баарынын күткөнү бир, бирок ар башка. Ар башка дегеним, ар бирибиздин оюбузда өзүбүз тандаган талапкердин жеңиши сүрөттөлүп турган. Мына, жыйынтык да чыкты. Күтүлбөгөн жыйынтык (мен үчүн). Көпчүлүк дуу жарыла бирин-бири куттуктай баштады, айрымда санын чаап ары-бери басат. Кээ бирлер болсо акырын гана караңгылыкка сиңип жок болуп кетип жатты.
Эртеси бардык маалымат каражаттары жаңы шайланган президентт мактап-жактап куттуктаганга шашылды. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу шайлоо таза өттү дешип көкүрөк каккандар көбөйдү. Эл аралык эксперттер да Кыргызстан бугүн чыныгы демократиялык принциптер менен жашаган өлкө экенин далилдей алды деп баа берип жатышты. Элибиздин эркиндигине суктангануудан кошуна өлкөлөр четте калган жок. Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов дагы атаандашы Сооронбай Жээнбековду куттуктап, шайлоону тааныды. Ошентип ал киши да элди көтөрбөй тынч эле жеңилгенин мойнуна алды.
24-ноябрь. Эгемендүү Кыргызстандын жаңы президенти официалдуу түрдө ишке киришти.
Бүтүндөй өлкөнүн тагдырын ушул адамга тапшырдыкпы деп нааразы боло коюп жүрдүм. Бирок, ажонун алгачкы кадамдары менденги скептизмди акырындык менен ээрите баштады. Күндөн күнгө сүйлөгөн сөздөрүн угуп Кыргызстандын баарыбыз күткөн келечеги алыс эмес окшойт деп баштадым.
Мына, бүгүн ал президентке, Сооронбай Шариповичкке болгон урматым толукталып, ишеничим өстү. Демек, айтылган сөздөр куру эмес. Боло турчу иш. Антикоррупциялык система, адилеттүү соттор, гүлдөгөн экономика, объективдүү кадр саясаты. Булар эми жомок эмес. Мен буга ишенем. Жогорудагылардын ишке ашышына президентибизге колумдан келишинче (жок эле дегенде жарандык позициям менен) колдоо көрсөткөнгө даярмын. Алга Кыргызстан.

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *