БШКнын төрагасы болуп 29 жаштагы депутат шайланды

Поделиться

Бишкек шаардык кеңеши бүгүн төрага шайлады. Добуш берүүгө катышкан 41 депутаттын 40ы шайлоого көрсөтүлгөн жалгыз талапкер — КСДП фракциясынын 29 жаштагы өкүлү Жаныбек Абировго макул болушту.

Жаны шайланган Абиров БШКнын төрагасы катары айлык акы албай турганын белгиледи.

Анын айтымында БШКнын депутаты болуп турган мезгилде ал бекер эле иштечү, бул жолу дагы ал  коомдук башталыштын негизинде иштеп берээрин айтып, ал эми маянасын кайрымдуулукка жумшайт экендигин белгиледи.

Абиров Кыргыз-Орус (Славян) университетин жана Башкаруу академиясын юриспруденция жана менеджмент багыттары боюнча аяктаган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлдү. Ага ​КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика – Ата-Журт” кирди. Ал эми “Кыргызстан” азчылыкта калды.

19-сентябрда КСДП, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары көпчүлүк коалициянын курамынан чыгуу тууралуу чечим кабыл алгандан кийин ал тараган.

Жакында борбор калаада мэр алмашып, кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлыгына кеткен.

Абиров Кыргыз-Орус (Славян) университетин жана Башкаруу академиясын юриспруденция жана менеджмент багыттары боюнча аяктаган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

 

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *