Чукул билдирүү: Аба-ырайы кескин төмөндөйт

Поделиться

21-24-сентябрь күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетет.

21-24-сентябрь күндөрү абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө 16…21°,

Талас өрөөнүндө 13…18°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 20…25°;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында 11…16°.

Ал эми тоолуу райондордо +5…+10° болсо, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук түшүшү күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *