Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши токтотулду. Соцтармактардын реакциясы

Поделиться

Өмүрбек Бабановго карата  кылмыш иши токтотулду. Соцтармактардын реакциясы

Кечээ, 19 сентябрда саясатчы Өмүрбек Бабановго карата кылмыш иши токтотулгандыгы белгилүү болду.

УКМК төрагасы Идрис Кадыркулов Жогорку Кеңештин жыйынында “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаевдин тиешелүү суроосуна жооп берип жатып:

“ Биз жооп күтүп жатабыз. Азырынча иш токтотулган», — деп айткан.

Жаңылыкты утурлай социалдык тармактарда бул боюнча ар кандай сын-пикирлер айтылып,  билдирүү дароо талкууга алынган.

Сооронбай Шариповичти убагында колдогон эмесмин, бирок бүгүндөн тартып колдойм! Президент айкөл экенин иш жүзүндө…

Опубликовано Aisuluu Turanova Cреда, 19 сентября 2018 г.

Урматтуу Сооронбай Шарипович сиздин акыркы жазап жаткан иш аракетиңизди коомчулук жактырып, анын ичинде жаран катары…

Опубликовано Кундуз Ажибековой Cреда, 19 сентября 2018 г.

Урматтуу Сооронбай Шарипович сиздин акыркы жазап жаткан иш аракетиңизди коомчулук жактырып, анын ичинде жаран катары…

Опубликовано Кубатом Макешовым Cреда, 19 сентября 2018 г.

Ырыс алды ынтымак!Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иши токтотулду! Бабановдун тарапташы Канат Исаев…

Опубликовано Акталбеком Анарбековым Cреда, 19 сентября 2018 г.

Эскерте кетсек, башкы прокуратура Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Бабановго кылмыш иши козголгонун 2017-жылдын 4-ноябрында маалымдаган.

Маалыматка караганда, кылмыш иш КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүмү (конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө үндөө) жана 299-беренесинин 1-бөлүмү (улуттук жана диний кастыкты козутуу) менен козголгон.

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *