Валентина Шевченко польшалык Йоанной Еджейчик менен чемпиондук титул үчүн таймашат

Поделиться

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен польшалык Йоанна Еджейчиктин мушташы 8-декабрда Канаданын Торонто шаарында өтмөкчү.

Мелдеш 57 кг чейинкилер арасында UFC уюмунун чемпиондук куру үчүн болуп, эң күтүлгөн беттеш катары саналат.

Уюмдун маалыматына караганда,  польшалык Йоанна Еджейчик 52 кг чейинкилер арасында 2015-2017-жылдар аралыгында чемпион болгон.

Бирок 2017-жылдын ноябрь айында Роуз Намаюнастан  утулган. 2018-жылдын апрель айында реваншка чыгып, кайрадан утулуп калган. Анын 15 жеңиши, 2 жеңилүүсү бар. UFC уюмунда 11 жолу таймаш өткөрүп, 9 жолу жеңишке ээ болсо, 2 жолу жеңилүүгө мажбур болгон.

Валентина Шевченконун 15 жеңиши, 3 жеңилүүсү бар. UFC уюмунда 6 жолу таймаш өткөрүп, 4 жолу жеңишке ээ болсо, 2 жолу жеңилүүгө мажбур болгон.

Буга чейин Валентина Шевченконун атаандашы — аялдар арасында 57 кг чейинки салмак даражада UFC чемпиону аталган Никко Монтано  болгон. Ал бөйрөгү ооруп, ооруканага түшкөнү үчүн чемпиондук титулдан ажыратылган.

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *