Улуу тоолордун ханышасы! Актриса Жамал Сейдакматова 80 жашта

Поделиться

Кыргыз ССРинин Эл артисти , Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, «Туңгуч» театрын негиздеген Жамал Сейдакматова бүгүн 80 жашка толду.

Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Көлдүн күңгөйүндөгү Темир айлында туулуп-өскөн.

Чыгармачылыгын өздүк көркөм чыгармачылык коллективинде ырдоодон баштаган Жамал Сейдакматова, акыры, 1957-жылы, Кыргыз мамлекеттик драма театрына (азыркы Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры) келип кирип, артист болуп кызматка орношот. Ошондон тартып 1989-жылга чейин, башкаача айтканда “Тунгуч” театрын негиздеп, бөлүнүп кеткенге чейин, дээрлик 32 жыл ушул театрдын сахнасында агарып-көгөргөн, чыгармачылык чоң-чоң ийгиликтерге жетишкен.

Аталган театрдын сахнасында Ж.Сейдакматова ондогон ролдорду ойноп, кыргыз элине таанылды. Анын лирикалык маанайдагы, ички маанилерге бай образдарды түзүүгө чебердиги дал ушул театрдын сахнасынан көрүндү.

957-жылы Улуттук кыргыз драма театрына кызматка алынып, чыгармачылык чыйырын баштайт. Алгач 1958-жылы тартылган “Алыскы тоолордо” деген кино тасмада Зиягүлдүн ролун аткарып, кино өнөрүндө тушоосу кесилген.

Театрда аткарган негизги ролдору:

  1. Курманжан Датка- (С.Шер-Нияз , «Курманжан Датка»)
  2. Жамал -(А. Дыйканбаев, «Мүрөктүн суусу»)
  3. Алиман-(Ч. Айтматов, «Саманчынын жолу»)
  4. Сейде -(Ч.Айтматов, «Бетме-бет»
  5. Шайыргүл -(Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт»)
  6. Айганыш -(А. Токомбаев, «Өлбөстүн үрөнү»)
  7. Нази- (М.Байжиев, “Төр адам”)
  8. Катарина- (У. Шекспир, «Азоого чалма»)
  9. Эркайым- (Ш. Садыбакасов, «Ак боз ат»)
  10. Агафья Тихонова- (Н. Гоголь, «Үйлөнүү»)
  11. Шафак-(М. Карим, «Ай тутулган түндө»)
  12. Уркуя- (Н. Байтемиров, «Уркуя»)
  13. Күлсүн -(М.Байжиев, “Кыз-Күйөө”)
  14. Дездемона -(У. Шекспир, «Отелло»)
  15. Алмагүл- (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн»)
  16. Эльпи -(К.Мамбетакунов, “Омор Хаямдын махабаты”)
  17. Зейнеп -(Б.Жакиев, “Күттүргөн жаз да келээр”)
  18. Каныкей -(Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей»)
  19. Салыя- (К. Акматов), «Ажырашуу түнү»)
  20. Жайдар- (Ч.Айтматов, Жаныбарым, Гүлсары)
  21. Найман эне- (Ч.Айтматов, “Кылым карытаар күн”)
  22. Тангабике- (Мустай Карим, “Ай тутулган түндө”)
  23. Мунабия- (К. Акматов, Ж.Кулмамбетов «Мунабия»)
  24. Көзү ачык кемпир- ( Ж.Кулмамбетов, “Чыңгыз хандын купуя сыры”)
  25. Ханыша- (С.Раев, «Ханышанын көз жашы») ж.б.

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *