Аймактарды өткөрүү жылына карата: Ысык-Көлдө таэквондо WTF боюнча эл аралык турнир өттү

Поделиться

2018-жылдын 22-августунда  Ысык-Көл облустунун, жети-Өгүз районунун «Тамга» эс алуучу жайында таэквондо WTF боюнча  Кулуке Ибраевдин жаркын элесине арналган эл аралык турнир өттү.

Мелдеш өспүрүмдөр жана балдар арасында болуп, «аймактарды өнүктүрүү жылынын» алкагында  айыл-аймактарда жашаган жаштарды спортко жана дени сак жашоого тартуу менен бирге такэквондо WTFти өнуктүрүү максатында уюштурулду.

Мелдештерге республиканын ар кайсы бурчтарынан келген 170тен ашык спортчу катышты. Анын ичинде Бишкек шаарынан 100 спортчу келсе, калгандары Балыкчы жана Ысык-Көл районунун спортчулары.

Иш-чаранын ачылышында жана биринчи орунгу алган спортчуларды сыйлоодо Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Ибраев Саматбек Кулукеевич, Жети-Өгүз районунун акими Дамир Монолдоров жана Жогорку Кеңештин депуттары катышышты.

Турнир «Саякбай манасчы» эл аралык фонду жана таэквондо WTF федерациясы менен биргеликте уюштурулду.

 

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *