Мэр Азиз Суракматовдун келини менен таанышып алыңыздар (фото)

Поделиться

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун уулу үйлөнгөнүн жергиликтүү ММК жазып чыккан. Ал эми мэрдин келини тууралуу Limon.kg  сайты кызыктуу маалыматтарды топтогон.

Шаар башчысынын келини Жаныбек кызы Женифер 23 жашта. Ал 1995-жылы 3-мартта төрөлгөн. Чүй облусунун Кайынды айылынын тургуну.

Жамал жана Айдай аттуу эки эжеси жана улукбек аттуу иниси бар.

Борбор Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүсү. Психология боюнча бакалаврдын ээси.

Көп балалуу үй-бүлөдо чоңойгон. Ал Борбордук жана Түштүк Азиядагы аймактык энергетикалык долбоорлордун экс-консультанты Омор Жаныбек Дүйшөн уулунун кызы. Ошондой эле ал 2005-2007-жылдары премьер-министрдин экономикалык кеңешчиси болгон. Азырыкы учурда экономика консультанты.

Кыздын апасы үй кожойкеси

Женнифер Instagram социалдык тармагында абдан активдүү, аркандай сүрөттөрдү жүктөп, өз ойлору менен бөлүшөт. Көбүнэсес аны окуган колдонуучулар кыздын оюн “кызыктуу” жана “мотивация берүүчү” деп табышат

Өзүнүн жолдошу менен Айдар Суракматов менен Женнифер  мектеп курагында таанышкан.

Айдар Суракматов Кембридждеги англис мектебинин окуучусу экендиги белгилүү. Ошондой эле ММКлар ал Лондондогу университетттердин биринде  билим алгандыгын жазып чыгышкан.

Айдар Суракматов курулуш бизнеси менен алектенет. Ал бир нече ишканалардын ээси жана кош ээлик кылгандары дагы бар. Мисалга, “Слон” кайтаруучу-детективдик агенттигинин жетепкчиси, жана “Столица-Строй”дун ээси катары саналат.

Эки жаштын үйлөнүү-үлпөт тою 22-сентябрда Бишкектеги тойканалардын биринде өткөн. Тойдо 190го жакын конок болгондугу айтылат.

 

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *