Чубак ажы Зеренин «Кыз» ыры тууралуу: «Клипте таң калычтуу эч нерсе көргөн жокмун»

Поделиться

Белгилүү дин тануучу Чубак ажы Жалилов Зере Асылбектин “Кыз” аттуу ыры боюнча өз оюн айтты.

Ал ырчынын клиби боюнча сынын 5 каналдын эфириндеги “Күнөзөк” программасында билдирген.

Өз пикиринде ажы элдин баары талкуулап жаткандыктан Зеренин клибин көрүүгө мажбур болгонун, бирок клипте эч кандай таң калычтуу нерсе жок экендигин айтып берген:

“Чындап айтканда, таң калычтуу нерсе көрө алган жокмун. Зеренин “Кыз” деген көлдө тартылган клибинде Кыргызстандын азыркы абалы баяндалып жатат. Бизде азыр жыланач жүргөндөр деле, жоолукчан жүргөндөр деле бар да. Бүгүнкү жашоону сүрөттөп берди. Мен аны туура кылды же туура эмес кылды деп айткым келбейт.

Анын үстүнө ал менден келип сураган жери жок – “Ажыке мен туура кылдымбы же жокпу?,-деп

Ошондуктан баа бергенден алысмын. Бирок биздеги жашоо өзү ошондой. Анан мен анын кийимине сын тагып жаткандарга таң калам. Ал дагы костюм кийип алыптыр, атасыныкыбы же кимдики билбейм. А бирок көчөдө костюму жок деле жүрүшпөйбү.

Болгону клип тартылып жаткан учурда көркөмдүк жагы жакшы каралбай калган, үнү абдан жакшы, мааниси дагы кайсы бир деңгээлде жакшы. Албетте Саламат Садыкова ырдаган “Кыргыз жери” деген деңгээлде ырдады деп айтканым жок.

Бирок эң жаккан жери – азыркы көрүнүштү сүрөттөп берди. Биздин кыргыз жери ушундай, кээ бири жыланач, кээ бири жоолукчан. Кээ бири чачынын жарымын кыркып алган. Бишкекте көчөгө чыксан, ошол эле көрүнүш. Болгону телевизордон көрсөтүп коюптур көлдүн боюнан. Бул чындык! Көчөдө костюму жок деле жүргөндөр бар”,-деп айткан ал.

Зере, 19 жаштагы жаш ырчы. Ал жакында эле өзүнүн автордун “Кыз” аттуу ырына клип тартып ачыкка чыгаргандан кийин дароо талкуу чордонуна түштү. Клипте кыздардын эркиндиги тууралуу ырдаган ырчыны  сындагандар арбын болду. Кээ бири Зерени ич кийимчен образы үчүн талкууга алса, кээ бири кыргыз шоу-бизнесиндеги жаңы бурулушту жасаган кыз деп мактагандар дагы болду.

Чубак ажы Жалилов ырчы Зере тууралуу "Бешинчи каналга" өз пикирин билдирди

Бүгүн кечинде 21:10до «Бешинчи каналда» Чубак-ажы Жалилов менен болгон маекти "Күнөзөк" программасынан көрө аласыздар. Смотрите на «Пятом канале» сегодня вечером в 21:10 интервью с Чубаком-ажы Жалиловым.

Опубликовано Бешинчи канал — Пятый канал Вторник, 25 сентября 2018 г.

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *