Билим берүү министирлиги эски мектеп тууралуу үн катты

Поделиться

Билим берүү  жана илим министирлиги  Оштун Ноокат районунда кепеге окшош, урап калуу коркунучундагы «Агарт» башталгыч мектеби тууралуу интернетке тараган маалымат жалган экендигин айтып чыкты

Билдирүүнү мекеменин басма сөз кызматы 26-сентябрда кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган мектеп 2017-жылы жабылган. Айылда 1-класска бара турган бир эле окуучу катталгандыктан, ал жакын жайгашкан башка кыштактагы мектепке жөнөтүлгөн.

Былтыр ал мектепте 12 бала окуган, бир мугалим иштеген. Ноокат райондук билим берүү бөлүмү аны башка жакка которуу аракетин көрүп жатат.

25-сентябрда Интернетке Ноокаттагы «Агарт» мектеби тууралуу кыска видео чыккан. Кулап калуу коркунучунда турган билим берүү мекемеси дароо талкууга алынган. Ал жерде мугалим экенин билдирген аял 14 окуучу окуп жатканын айткан. Тасманын автору видеону быйыл 21-сентябрда тартканын белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *