Бишкекте 52 жаңы троллейбус каттай баштайт

Поделиться

Бишкек шаарынын мэриясы калаада 26-сентябрдан тарта 52 жаңы троллейбус каттай баштайт экендигин айтты.

Маалматта, Бишкек троллейбус башкармалыгында Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абировдун жана калаа мэри Азиз Суракматовдун катышуусунда жаңы троллейбустардын презентациясы өткөрүлгөндүгү айтылат.

Ѳзүнүн сѳзүндѳ калаа башчысы Азиз Суракматов башкармалыктын жамаатын жаңы троллейбустардын алынып келиши менен куттуктады.

“Биз шаардык транспортту ѳнүктүрүү менен троллейбустарды кѳбѳйтүүнү уланта беребиз. Шаарда кѳп орундуу транспортту кѳбѳйтүү, ѳнүктүрүү керек. Биз азыркы учурда Европалык реконструкция жана ѳнүктүрүү банкы менен коомдук транспортту ѳнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгалы деп жатабыз”,-деди ал.

Бүгүнкү күндө бардык 52 троллейбус, анын ичинен 37 бирдик Россиядан жана 15 бирдик Беларусь Республикасынын  алынып келинди. Шаардын ичинде учурда 42 бирдик каттап жатат, ал эми 10 жаңы троллейбус эксплуатацияга берилет.

Билдирилгендей, мэрия жаңы коомдук унааны алып келүү менен №2 жана №6 маршуттук каттамды кайрадан ачты.

Жалпысынан Бишкек троллейбус башкармалыгынын базасында жаңы троллейбустарды кошкондо 169 бирдик коомдук унаа бар.

Cүрөттөр Бишкек шаардык мэриясынын Facebook социалдык тармагындагы расмий баракчасынан алынды

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *