Депутат Кыргызстанга эски унааларды киргизүүгө тыюу салууну сунуштады

Поделиться

Кыргызстанга эски унааларды алып кирүүгө тыюу салуу керек.

Бул сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Дастен Бекешев парламенттин отурумунда айтып чыкты.

Ошондой эле  ал, аба тазалоочу керектүү жабдыктарды сатып алуу керектигин айтты.

Анын билдирүүсүнө ылайык, элдин экологияга болгон кайдыгерлигинен улам булгануунун деңгээли өсүүдө.

«Жакында кыш, Бишкектин үстүн кайра кара түтүн каптайт. Кара-Балтанын тургундары дайыма нааразычылыгын билдирип келишет», — деп нааразы болду Дастан Бекешев.

Аны кесиптеши Бакыт Төрөбаев колдоп чыкты. Ал билдиргендей, эски унааларды өлкөгө алып кирүү күн сайын көбөйүүдө. Мамлекет тазаланбаган күйүүчү-майлоочу майды сатып алып жатат. Аалы Карашев болсо өпкө оорулары менен жабыркагандардын саны өсуп жатканын кошумчалады

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *