КР футбол улуттук курамасы Жапония менен достук беттешин өткөрөт

Поделиться

Кыргызстандын футбол улуттук курама командасы Жапония менен достук беттешин өткөрөт.

Бул тууралуу КРнын футбол федерациясы кабарлайт.

Беттеш 20-ноябрда Жапониянын Тойота шаарындагы Toyota Stadium  стадионунда өтөт.

Оюн Азия Кубогуна даярдануунун алкагындагы финалдык беттештердин бири.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Жапониянын улуттук курамалары жоолуга элек.

Сентябрда Александр Крестининдин командасы эки жолу жолдоштук беттештерди өткөргөн. Анда Палестина менен 1:1 жана Сирия 2:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *