Токон Мамытов акыйкатчы болуп шайланды

Поделиться

Бүгүн, 26-сентябрда, Жогорку Кеңештин депутаттары акыйкатчыны шайлашты.

Эн көп добуш КСДП фракциясы көрсөткөн Токон Мамытовго берилди.

Алгач талапкерлер баяндама жасашкандан кийин,жабык добуш берүү башталып, жыйынтыгында Токон Мамытовду 79 депутат колдоду.

Рита Карасартовага 9, Канатбек Азизге 11, Рыскул Бактыбаевге 6 добуш берилди.

Рита Карасартова менен Рыскул Бактыбаевди «Бир Бол», Канатбек Азизди «Ата Мекен» фракциялары сунуштаган.

«Бир Бол» фракциясынан көрсөтүлгөн дагы бир талапкер — Маматурайым Момунов атаандаштарынын арасында «тажрыйбалуу кишилер бар экенин эске алып», ат салышуудан баш тартты.

Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Мыйзам боюнча акыйкатчылыкка талапкерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтөт жана жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен шайлашат.

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *