УКМК атайын эсепке дагы 6 миллионго жакын доллар которду

Поделиться

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Каржы министрлигинин атайын эсебине дагы 5 млн 893 миң 330 сом которду. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалым болгондой, өндүрүлгөн каражаттын 3 млн сомдон ашыгы Ысык-Көл облусундагы “Кумтөр оперейтинг компани” ишканасына транспорттук кызмат көрсөткөн “Ф.Т.” фирмасы жашырган салык. Аталган фирмага кылмыш иши козголуп, төлөнбөй калган салык толук өндүрүлгөн.

Мындан сырткары “Ш.К.” аттуу курулуш фирмасы Тоң районундагы социалдык объектилерди курууда кымырып алган 1 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Калган акчалар башка кылмыш иштери боюнча өндүрүлгөн.

Ушуну менен атайын эсепке УКМК 149 миллион 493 миң 330 сом которду.

 

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *