Өлкөдөгү орточо пенсия 5550 сомду түзөт

Поделиться

Социалдык өнүгүү жана эмгек министринин орун басары Лунара Мамытова, өзүнүн фейсбук социалдык баракчасында өлкөдөгү карылар боюнча статистиканы жарыялады. Анда, орточо пенсия 5550 сом экени көрсөтүлөт.

КРсынын карылар туурасындагы мыйзамдын негизинде эркектер — 63, аялдар- 58 жашынан кары болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө өлкөдө 478,7 мин кары адамдар, жарандардын санынын 7,6 % түзөт. Ал эми Соцфонддо каттоодо 633,9 миң пенсионер туруп, пенсиянын орточо өлчөмү 5550 сом»,-деп жазган ал.

Ошондой эле расмий статистикалык маалыматтарага ылайык,  пенсияга укугу жок 1576 кары жаран социалдык коргоого алынып, айына социалдык жөлөк пул алып келет.
Министрликте 17 социалдык стационардык мекеме иштеп, анда 2382 жаранга кызмат көрсөтүлүп келет. Алардын 405и кары жарандар. Ал эми 920 социалдык кызматкерлер тарабынан 7577 жалгыз жашаган карыларга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү  чектелген жарандарга бекер социалдык кызматтар көрсөтүлүп келет. 


«Жыл сайын 15-сентябрдан 15-октябрга чейин республика аймагында карыларга камкордук көрсөтүү максатында «месячник» же  башкача айтканда  айлыктар  уюштурулуп келет»,-деп кошумчалаган Мамытова 

Белгилей кетсек, буга чейин Лунара Маытова депутат Аида Касмалиеванын мамлекеттик акчадан саякаттого чыгып келди деген сөзүн четке кагып, министр болгонго чейин эле Түркия, Америка жана башка өлкөлөргө саякаттап келгенин жана ал үчүн болгону иштеген пенсионерлерге окшоп акчаларды чогултуш керек экендигин белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *