Депутат Бактыбек Райымкулов Тельман айылына асфальт төшөтүүгө жардам берди

Поделиться

Панфилов районуна караштуу Орто айыл өкмөтүнүн Тельман айылына барчу жолго 1 км асфальт төшөлүп башталды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов фейсбук социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу билдирди. Айтымында, депутат болуп келгенден кийин 2016-жылы сөз берип, дароо 2017-жылы 1 км асфальт төшөлүп бүткөн.

“Союз таркагандан бери бул айылдын жолдору каралбай, жергиликтүү тургундар үчүн абдан чоң жол көйгөйүн жаратып келген. Бүгүн айыл тургундары менен учурашып, батасын алып кайттык”,-деп кошумчалады эл өкүлү Бактыбек Райымкулов

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *