Лунара Мамытова жана Таалайкүл Исакунова башкы прокуратурага чакырылды

Поделиться

Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова жана анын орун басары Лунара Мамытованы маектешүүгө чакырды.

Бул тууралуу  «Азаттык» радиосуна Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, аткаминерлерди аталган министрликтин жетекчилиги бюджеттик каражаттын эсебинен чет жерге чыгат деген маалыматтын алкагында суракка алышты. Жетекчи айымдар түшүндүрмө жазышты.

Эске салсак, депутат Аида Касымалиева буга чейин аталган министрликте аткаминерлер дипломатиялык паспорту менен чет өлкөгө мыйзамсыз барууда деп айтып чыккан. Мекеме бул маалыматты четке каккан.

Ал эми, кечээ Лунара Мамытова өзүнүн социалдык баракчасына кыргызстандыктарды бири-бирине болгон көрө албастыкты токтотуп, дүнүйө чогултпай, дүйнө кыдырууга чакырган посту бир топ ызы-чуу жараткан. Айтымында,  Кыргызстанда иштеген пенсионерлерге окшоп саякаттоого акча чогултса болот.

Бирок көпчүлүк Мамытованын бул кеңешин «шылдыңдоо» катары көрүп, 5500 сом пенсия кыргыз абышка-кемпирлери аран жеген тамак-ашына жеткирип жашап жаткандыгын айтып чыгышкан.

 

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *