Башкы прокуратура: Икрамжан Илмияновго каршы кылмыш иши козголгон эмес

Поделиться

Экс-президент Атамбаевдин мурунку кеңешчиси жана президенттик аппараттын жетекчиси Икрамжан Илмияновго карата эч кандай кылмыш иши козголгон жок.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы kaktus.media порталына айтып берген.

Айтымында,  айрым кызмат адамдарына карата иш материалдары бар, бирок алар жашыруун болгондуктан, ачыктала элек. Азыркы учурда, материалдагы кайсы бир инсандарды так белгилеп айтууга болбойт. Бирок кийинчирээк алардын фамилиясы чыгарылышы мүмкүн.

Буга чейин айрым ММКларда Илмияновго карата кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалыматтар чыккан. Айрым билдирүүлөрө ылайык, күч структураларына бизнесмен кайрылып, Илмияновго каршы доо арыз жазган, анда Илмиянов ишкерден $150 миң доолап алгандыгы айтылат. Окуя Илмиянов президенттик аппараттын башчысы болуп турганда болгон

Икрамжан Илмиянов —  экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы эң жакын адамдардын бири. Алгач айдоочу болуп жүрүп, кийин Атамбаев президент болгондон кийин дароо эле кызматтан көтөрүлгөн. Ал президенттик администрациядан орун алып, андан соң өлкө башчысынын кеңешчиси болууга жетишкен.

Илмияновго карата козголгон кылмыш иши тууралуу кептер Сооронбай Жээнбековдун жана Атамбаевдин ортосундагы тымызын тирешүүнүн негизинде келип чыккан.

Тирешүү өз учурунда  Жээнбековдун Коргоо Кеңешинде айтылган сөздөрүн экс-президент сынга алгандан кийин башталганы айтылат.

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *