Бишкек мэриясы элүүдөн ашык жаңы автобустарды сатып алат

Поделиться

Бишкек мэриясы жылдын этегине чейин 50-60 жаңы автобус сатып алат. Буга шаардык бюджеттен 382 млн. 577 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу мэрдин коомдук кеңешчиси Гуля Алмамбетова “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, коомдук транспортту алуу үчүн жакынкы күндөрү тендер жарыяланат.

Газ менен жүрүүчү автобустун баасы орто эсеп менен алганда 110-140 миң доллар болору айтылууда. Баа маселеси тендерде аныкталат. Учурда 150 автобус иштеп жатат, 125и оңдолууда.

Бишкек шаарын толук камсыз кылуу үчүн 800гө жакын автобус талап кылынат

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *