Депутат кытайлык туристтик топторго визасыз режим киргизүүнү сунуштады

Поделиться

Кытайдан келген туристтик топтор Кыргызстанга визасыз кириши керек.

Бул сунушту депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеңештин отурумунда көтөрүп чыкты.

Эл өкүлү Кыргызстанда миграция күч алып жаткандыгын айтып, эжаңы жумуш орундарын түзүү көп каражат талап кылаарын айткан. Маселени чечүүдө туризмди өнүктүрүп, виза режимин женилдетүү керек

«Биз дайыма туристтик потенциалыбыз жакшы деп айтып келебиз. Көпчүлүк өлкөлөрдө туризм ИДПнын 30 пайызын түзөт. Кытайлык туристтер көп өлкөлөрдө ИДПнын басымдуу пайызын түзөт деген маалыматтар бар. Орусия менен Казакстан кытайлык туристтик топтор үчүн визасыз режим колдонушат. Туристтик компаниялар алардын өлкө аймагынан кайра чыгып кетүүсүнө жооптуу болот. Эмне үчүн биз муну аткара албайбыз? Миграция кызматы жана УКМК келген меймандар калып калышы мүмкүн деп коркуп жатат. Бирок, келген туристтердин кайра өз өлкөсүнө чыгып кетүүсүн камсыздашыбыз керек», -деди депутат

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *