Депутат мамлекеттик миграция кызматын министирлик кылып өзгөртүүнү сунуштады

Поделиться

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов мамлекеттик миграция кызматын министрлик кылып өзгөртүүнү сунуштады.

Айтымында, мигранттар жыл сайын банктар аркылуу 2 миллиард доллар акча которушат. Ошондой эле Кыргызстанга жылына бир жолу келишип, каттоого алынбаган акчаларды алып келишет.

“Жыл сайын мигранттардан өлкөгө 3 миллиард доллар түшөт деп айтсак болот. Андыктан биз аларга шарттарды түзүп берүүгө милдеттүүбүз. Алардын маселелерин чечип берүү үчүн өзүнчө министрлик түзүү керек. Мигранттар көп болгон жерлерде Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүктөрүн ачуу керек”, — деди ал.

Андан тышкары парламентарий Айыл-чарба министрлигинин алдындагы Суу чарбасы департаментин өзүнчө орган кылып түзүүнү сунуштады.

“Бизден суу алган коңшу өлкөлөр ал үчүн акча төлөшү керек. Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар өзү төлөп жатат, башка өлкөлөр төлөгөн жок”, — деп белгиледи депутат.

 

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *