Депутат облус жана район башчыларын таркатууну сунуштады

Поделиться

Кыргызстандагы облус жана район деңгээлиндеги акимчиликтерди жоюу керек

Бу тууралуу бүгүн ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов парламенттин жыйынында билдирди.

Айтымында, башкармалар лента кесип, жогорку кызматтагы аткаминерлерди тосуп алып, кайра узатып, шайлоолордо бийликтин саясатын жүргүзөт.

Кыргызстанда ар бир облуста өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана 44 район акими бар.

Алтынбек Сулайманов аларда маселелерди өз алдынча чечүү рычагы жок экенин айтып, “андан көрө жоюп, айыл өкмөттөрүн күчтөндүрүш керек” деген сунушун айтты.

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *