Жамангулов: Өрттөлүп кеткен Башкы прокуратынын ордуна гүл бакча куруу жанындагы кафелердин лоббиси

Поделиться

“Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов мэриянын, өрттөнүп кетен башкы прокуратуранын ордуна эс алуучу гүл бакча салуу буйругун сынга алды.

Айтымында, бул жакын жайгашкан кафе-ресторандардын кызыкчылыгында гана
“Мэриянын борбордогу 42 сотых жерди эс алуу бакчасына айландыруу буйрутмасы жакын жайгашкан кафе-ресторандардын кызыкчылыгын сүрөө экендиги ачык эле көрүнүп турат. Бакча салынып бүткөндөн кийин ал жердеги имараттардын баасы 5-10 эсе көтөрүлөт. Алдын-ала бул маселени азыртан көзөмөлгө алып, ал жерге көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай кура турган болсок, шаардагы тыгындардын азайышына өбөлгө болот”,-деп белгиледи эл өкүлү.

Белгилей кетсек, буга чейин мэр Азиз Суракматов толугу менен өртөнүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна, Бишкектин так борборунда — эс алуучу бакча курулат деп буйрутма берген. Алдын-ала алынган маалыматтарга ылайык, ал жердеги бир сотых жер азыр 100 миң АКШ доллары турат.
Башкы прокуратуранын мурунку имараты Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Апрель окуяларанда имарат тонолуп жана өрттөлүп кеткен .

 

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *