Тазабек Икрамов күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катышат

Поделиться

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бүгүн 5-октябрда Орусиянын Пермь шаарында башталган грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына катышат.

Бул маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу тастыктады.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Икрамов 5-октябрда 41 жаштан 45 жашка чейинкилер арасында 78 килограмм салмакта күч сынашат. Ал алгач квалификациялык беттеште түркиялык Ондер Озгул менен күрөшөт.

Тазабек Икрамов 44 жашта.

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *