Депутат Бактыбек Райымкулов “Кара-Булак” кениндеги чыр боюнча маселени көтөрдү

Поделиться

­“Кара-Булак” кенин касуу иштеринен улам Суусамыр жайлоосундагы жайыт жерлер оюлуп, талкаланган, бүгүнкү күндө рекультивация болбой жатат. Бул туууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов парламенттин пленардык отурумунда билдирди.

Айтымында ал 3-4 жылдан бери бул маселени көтөрүп келет.
“3 жылдан бери ушул маселени көтөрүп келе жатам. Негедир, мам.геологияга, мамэкотехинспекцияга дагы кайрылып, маселени көтөрдүк. Натыйжа жок. Ал жер казылып отуруп, жайыт жерлер оюк болуп калган. Эч кандай оңдоп-түзөө жок. Эсеп ачылганы менен, кепилдик акча төгүлгөн эмес, болгону 60 миң сом түшкөн. Кызыгы, бирок бул компанияга кайрадан лицензия берилген. Бирок алардын оюп-казууга тыюу салынган”,-дейт депутат.

Эл өкүлу тиешелүүиликтөөлөрдү жүргүзүп, маселени эртерээк чечүүгө чакырды

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *