Роза Отунбаеванын маркум Уланбек Эгизбаевдин уулу, жубайы жана апасы менен түшкөн сүрөтү

Поделиться

Бүгүн, 11-октябрда экс-президент Роза Отунбаева маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин жаңы көз жарган жубайынын ал-акыбалын сурап төрөт үйүндө болду.

Эстеликке түшкөн сүрөттө — Маркум журналисттин апасы, жубайы жана уулу жана Роза Отунбаева

Сапаргүл Абдинабиева, кечээ, 10-октябрда уул төрөгөнүн билдирген. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасында төмөндөгүдөй жазган.

Көкжалдын тукуму аман-эсен жарык дүйнөгө келди. Бизди Улансыз жашоого ыраа көрбөгөн Кудайга шугур. Аны жашартып бергендей.
Бул кабарды чыдамсыздык менен күткөнүңүздөрдү билем. Ак тилегиңиздер үчүн баарыныздарга рахмат! Абалыбыз жакшы.

Үчөөбүздүн акыркы бирге түшкөн сүрөтүбүз. Ичтеги балага жомок айтып, «Мага АТА статусун берчү- баатырым» д еген атабыз да бизди карап кубанып жаткандыр…  Ишеничиңди актайм. Башаты ушул болсун.

Буга чейин Сапаргүл, 8-октябрда Уланбек экөө бир жыл мурун баш кошконун жазып, азыр кара кийип отуруп калганын билдирген.

Ак көйнөк кийгем ушул күн,
Жыл өтпөй өңүн өзгөрттү.
Карадан жоолук салынтып,
Бурганак кылды дүйнөмдү..

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *