Эл аралык кыздар күнүнө карата Бишкекте өтчү иш-чаралардын тизмеси

Поделиться

Бүткүл дүйнөлүк кыздарды коргоо күнүнө карата Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда алып баруучу Эркин Рыскулбеков, блогер Азиза Мурзашова жана IT  адис Алтынай Нуркамилованын катышуусунда жолугушуу өтөт. Анда спикерлер кыздардын укуктарын коргоо тууралуу айтып берип, өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү.

Ошондой эле “Бишкек парк” соода борборунда  “Тирүү айкелдердин үнсүз театры” көргөзмөсү болмокчу. Мында балдарга зордук-зомбулукка кабылган кыздардын жашоосу тууралуу сахналаштырган сценкалар коюлуп берилет.

2011-жылы 11-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык ассамблеясы тарабынан кыздардын укуктарын коргоо максатында Эл аралык кыздардын күнү катары жарыяланган

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *