Жээнбековдун саясий шоусун көрдүм. Кылычбек Султан чет өлкөдөн баш паанек сурады

Поделиться

Кылычбек Султан Кыргызстанга кайрылып келбейт жана чет өлкөдөн баш паанек сурады.

Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook. баракчасында билдирди. Бирок кайсы өлкөдөн саясий баш паанек сураганы азырынча белгис

Элим! Сооронбай Жээнбековдун саясий шоусун көрдүм! Бул бийликти таануудан баш тартам. Чет өлкөдөн саясий башпаанек сурап кайрылдым

Опубликовано Kylychbek Sultan Пятница, 12 октября 2018 г.

Кыргызстандын Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султан үй-бүлөсү менен Түштүк Кореяда жашайт.  Ал Сооронбай Жээнбековдун саясий шоусун көргөнүн жана бул бийликти тануудан баштартып жаткандыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, 24-сентябрда Кылычбек Султан басма-сөз жыйынын уюштуруп президенттик аппарат аны Түштүк Кореянын аэропортунда болгон чыр тууралуу үн катпоону суранганын айтып, ошондой эле мекемедеги башка мыйзам бузуулар бар экендигин айткан.

Бирок өлкө башчысынын басма сөз катчысы бул маалыматты четке каккан. Кылчбек Султан ошондой эле Малайзиядагы мыйзам бузуулар тууралуу козгогон

КРныны Тышкы иштер министирлиги Эрлан Абдылдаев президенттен элчини жумуштан алууну суранган.

Коргоо кеңешинин катчылыгы президенттин тапшырмасы менен аталган фактылар боюнча текшерүү жүргүзүп, элчи тарабынан дагы, ТИМ тарабынан дагы мыйзам бузуулар болгондугун тактаган. Бүгүн ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев жумуштан кетүү боюнча арыз жазды.

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *