Москва: Жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алган кыргыз 1,5 жыл коомдук жумушка кесилди

Поделиться

Москва шаарында жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алган кыргыз таксистке сот өкүмү чыгарылды. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымдайт.

Алардын маалыматында, Чыңгыз Анарбек уулу 1 жыл 6 айга коомдук жумушка кесилди. Андан тышкары анын айлыгынын 30 пайызы кармалып, 3 жылга чейин унаа айдоого тыюу салынды.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Анарбек уулу күнөөсүн толук мойнуна алып, өкүнүчүн билдирген.

Эскерте кетсек, 16-июнда такси кызматынын айдоочусу жол четиндеги футбол күйөрмандарын унаасы менен сүзүп алган. Ал кырсыктын себебин уктабай тынымсыз иштегендигине байланыштырган.

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *