Республика партиясынын жаштар канатынын мурдагы лидери элге билдирүү жасады

Поделиться

Республика партиясынын жаштар канатынын мурдагы лидери Канат Мидин уулу фейсбук социалдык түйүнү аркылуу элге билдирүү жасады.

Билдирүүнүн текстин эч өзгөртүүсүз беребиз:

Менимче «Республика» партиясынын айланасында талкуу жүрүп аткан учурда катардагы мүчөлөрү да сөзсүз өз пикирлерин билдириши керек, бул манилүү.

Бабановду кандайдыр бир колдоп бирөө ЖКда сүйлөп койсо, өлкөгө келиши мүмкүн, Президент менен тандем кылышы мүмкүн деген сияктуу эле маалыматтар чыгып калса биринчилерден болуп экс Президенти колдогондор каршы чыгат. Өткөндө жетинчи канал аркылуу Президентибиз менен Бабановдун ортосуна чок салуу аракетин да көрүштү.

Мунун себеби жөнөкөй 🙂 Баардыгыбыз эле билип турабыз Президентибиз менен экс Президентибиздин ортосундагы мамиле башкача болуп калган соң экс Президентибиз Бабановду кайра колдомуш этип, ММклар аркылуу аны мактап аны азыркы бийлике «таран» катары колдонойун деген тымызын аракети болгон. 600 миң добуш деген оңой эмес, бүгүн да өз электораты бар. Бирок кызыгы кечээ эле дал ушул экс Президентибиз өзү Бабановго каршы баардык күч аракеттерин жумшап кылмыш иштерди козготподу беле? Чет мамлекеттерге иштеп атат деп чыкпады беле? Эгерде баардык болгон окуялардан кийин кайра экс Президент менен сүйлөшүүгө барса мен партиянын мүчөсү катары бул кадамды туура эмес деп эсептейт элем. Бирок ал жолго барган жок жана саясаттан кеттим деген сөзүнө турду.

Президентибиз менен экс Президенттин ортосундагы тирешүү күчөй баштады. Эми кызыгы жазындабы, күзүндөбү парламенттик шайлоо астындабы, артындабы элди регион регионго бөлүп бийлике каршы көтөрүү аракетине акырындан даярдык көрө башташты. Кол алдындагы ММКлары, политтехнологтор аркылуу элдин оюун буруу аракетинде.

Бабановдун өлкөгө келиши бүт бул пландарга тоскоол болот жана өлкө туруктуулугуна салымын кошот.

Шайлоодон кийин жыйынтыкты кабыл алып, Президентибизге ийгилик каалап, кызмат үчүн ызы чуу кылбай өлкөдөн чыгып кетти. Шайлоодон кийин нары бери чайпалып турган туруктуулуктун орношуна өз салымын кошкон, эми кайра өлкөнү регион регионго бөлүү аракети жүрүп жаткан учурда келип ал пландардын ишке ашпашына өз салымын кошсо бул жаманбы?

Же эмне убагында экс Президент менен мамилеси начарлап кетиши үчүн эле өлкөгө кирбей калышы керекпи? Баардык кылмыш иштери саясий буйрутма менен козголгон муну Кыргызстандын баардыгы билет.

Пикир калтырыңыз

Сиздин эмейл көргөзүлбөйт. Керектүү жерлери белгиленген *