А сизде сунуш барбы? Жапаров жаңы президенттик администрацияга ат тандоону сунуштады

Президент Садыр Жапаров жарандарга президенттик администрациянын жаңы имаратына ат тандоону сунуштады.

Өлкө башчысы өзүнүн Facebookтагы постунда Президенттик администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калганын белгилеген.

«Ага ат коюшубуз керек болуп жатат. Ар кандай сунуштар түшүүдө. «Ак Ордо», «Кут Ордо», «Айкөл Ордо», «Ынтымак Ордо» деп атоо сунуштары түштү. Жалпы элдин сунуштарын, пикирлерин угайын деп чечтим. Анткени бул ат түбөлүк калат. Тарых болот.

Дагы башка аттарды каалагандар болсо сунуштарыңызды бериңиздер. Сөзсүз түрдө эмне үчүн ушундай атоону сунуштап жатканыңыздын себептерин жаза кетиңиздер», — деп жазды Жапаров.

10 Октябрь 2023 жыл 15:17

Тема боюнча