
5-майда Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 19-чакырымында (“Дордой” базарына жакын жерде) болгон жол кырсыгынан 15 адам, анын ичинде үч бала жабыркады.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди. Жаракат алгандар аймактык ооруканаларга жаткырылды.
Маалыматка ылайык, жүк ташыган “Мерседес-Бенц спринтер” машинеси менен эл ташыган “Мерседес-Бенц спринтер” автоунаалары кагышкан.
Бул факты Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам-иликтөө бөлүмүндө катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Автоунаалар айып токтотуучу жайга киргизилди.